Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Ак үй алдында парламенттик шайлоого каршы митинг өттү


“Таза оппозициялык кыймыл” деп аталган уюм Ак үй алдында парламенттик шайлоого каршы митинг өткөрдү. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов “Азаттыкка” маалымдады.

- Шайлоого карапайым адамдар катыша албай калды. Партияга кирүү үчүн миллиондорду берүү керек экен. Жөнөкөй жарандардын шайлоо жана шайлануу укугу одоно бузулуп жатат. Шайлоого катышууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек, -  деди Нышанов.

Митингге катышкан он чакты адам кыргыз элине жана жогорку бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдошту.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 34 саясий партия билдирген. 20-августка чейин алар жалпы республикалык курултайларын өткөрүп, талапкерлер тизмесин БШКга тапшырууга милдеттүү.(UEz)

 

XS
SM
MD
LG