Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын окуучулары быйыл да чатырларда билим алышат. Бул тууралуу райондун билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Ак-Жардын жаңы курулган мектеби 2007-жылы керектен чыгып калган. Жети жылдан бери окуучулар кышкысын айылдагы кароосуз үйлөрдө, жайкысын чатырларда билим алып келишет. Быйыл өкмөттөн кайра жаңы мектеп курууга 72 млн. сом бөлүнүп, 2 ай мурда курулуш иштери башталган. Мектеп 1-ноябрда ишке берилери айтылууда. (MKa)