Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Глобалдык фонддун 120 миң доллары боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин ВИЧ инфекциясына жана кургак учук дартына кабылгандарды дарылоо үчүн гранттык каражаттарды бөлүп келаткан Глобалдык фонд Кыргызстанда 2009-жылкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эсеби чыкпай калган 120 миң долларды кайтарып берүү талабы менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган. Аталган фонд эгер кыргыз тарап карызды өндүрүп бербей турган болсо, анда 2013-жылдан 2017-жылга чейин каралган 44 миллион доллардан ашык жардам толук берилбей каларын эскерткен.

-Мен Башкы прокуратурага бердим, бул боюнча иш козголду. Азыр Саламаттык сактоо министрлиги Глобалдык фонддун бул талабын аткара албай турат. Укук коргоо органдары бизге бул багытта жардам бериши керек.

2012-жылдын март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Башкы көзөмөл орган Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, грант түрүндө берилген акчанын бир бөлүгүн айлык акыга, унаа сатып алууга жумшашканын ырастаган. Ал кезде Улуттук фтизиатрия борборун Автандил Алишеров, Республикалык “СПИД” борборун Сагыналы Маматов жетектеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG