Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Орусияда Эстония коопсуздук кызматкери 15 жылга соттолду

Эстон Кохверди Орусияын коопсуздук кызматтарынын азаматтары коштоп баратышат.
Эстон Кохверди Орусияын коопсуздук кызматтарынын азаматтары коштоп баратышат.

Псков облустук соту Эстониянын коопсуздук полициясынын кызматкери Эстон Кохверди тынчылык кылган деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты жана ага 100 миң рубль (13 000 доллар) жазана салды.

Былтыр 5-сентябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалымдашынча,Эстон Кохвер Псков облусунда кармалып, жанынан тапанча, 5 миң евро, жашыруун үн жазгыч табылган.

Эстония айыптоолорду четке кагып, аткезчилик боюнча ишти изилдеп жаткан Кохвер чек арага жакын жерде жашыруун булак менен кездешүүгө барганда уурдалып, Орусияга алып кетишкен деп билдирген.

Соттун 19-августтагы өкүмүнө ылайык, Кохвер жаза мөөнөтүн Орусияда өтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG