Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Пан Ги Мун Индия менен Пакистанды сабырдуулукка үндөдү


Индиялык солдат Индия-Пакистан чек арасындагы Сучит-Гарх постунда күзөтүүдө. 10-январь 2013
Индиялык солдат Индия-Пакистан чек арасындагы Сучит-Гарх постунда күзөтүүдө. 10-январь 2013

БУУнун башкатчысы Индия менен Пакистанды сабырдуулукка, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. 18-августта Сринагар шаарындагы мусулман саганасына белгисиз бирөө ок жаадырганда 1 полициячы жана 1 жаран өлгөн. 16-августта Индия тараптан чек араны көздөй ок жаадырылганда 1 аял өлүп, 7 адам жарадар болгон. Индия жана Пакистан 1947-жылы британ оторчулугунан бошонгондон бери үч ирет согушса, анын экөө Кашмир штаты үчүн болгон. Бул аймактын көпчүлүк эли мусулмандар.

Пан Ги Мундун айтымында, ал эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын башчыларынын 23-24-августта Жаңы Делиде болчу саммити Кашмир аймагына байланыштуу талашты сүйлөшүү жолу менен жөндөөгө мүмкүндүк берет деп ишенет.

XS
SM
MD
LG