Мурдагы маданият министри Камила Талиева “Азаттык” партиясы анын макулдугу жок эле тизмесине кошуп алганына нааразы. Экс-министрдин айтымында, ал бир да партия менен шайлоого барбайт жана “Азаттык” партиясы тизмеге киргизип жатканы боюнча ага айткан эмес.
Исмаил Исаков жетектеген “Азаттык” партиясы Талиеваны талапкерлер тизмесинде 31-орунга жайгаштырган. Мындан мурдараак журналист Адилет Айтикеев да жогоруда аты аталган партия макулдугун бербесе да тизмеге кошуп салганын айтып чыккан.
Тизмени Исмаил Исаков баштап, алдыңкы бештикке Артур Медетбеков, Байтемир Ибраев, Бөдөш Мамырова жана Азимбек Бекназаров кирди. Кийинки орундарда Равшан Сабиров, Турсунбай Бакир уулу, Курманбек Осмонов, Мамбетжунус Абылов, Рамазан Дырылдаев, Нарын Айып, Эсенбай Нурушев жана башкалар бар.
Бул "Азаттык" партиясынын "Азаттык" үналгысына эч кандай байланышы жок. (UEz)