Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

“Азаттык” партиясы Талиева менен Айтикеевдин айткандарын төгүндөдү


Талиева менен Айтикеевдин "Азаттык" партиясына кирүү үчүн жазган арызы.
Талиева менен Айтикеевдин "Азаттык" партиясына кирүү үчүн жазган арызы.

Мурдагы маданият министри Камила Талиева менен журналист Адилет Айтикеевди “Азаттык” партиясы өздөрүнөн макулдук албай туруп тизмеге кошуп салды деегн маалымат туура эместигин партиянын штаб жетекчиси Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында, Талиева 17-августта, Айтикеев 8-августта партияга кошулууну суранып арыз жазган.

Исмаил Исаков жетектеген “Азаттык” партиясы Талиеваны талапкерлер тизмесинде 31-орунга, Айтикеевди 33-орунга жайгаштырган. Талапкерлер тууралуу маалымат жарыялангандан соң экөө кандайча тизмеге кирип калганынан кабарсыз экендигин, “Азаттык” партиясы алардан макулдук сурабаганын билдиришкен эле.

Тизмени Исмаил Исаков баштап, алдыңкы бештикке Артур Медетбеков, Байтемир Ибраев, Бөдөш Мамырова жана Азимбек Бекназаров кирген.

"Азаттык" партиясынын "Азаттык" үналгысына эч кандай байланышы жок. (SE)

XS
SM
MD
LG