Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Каримованын чөйрөсүнөн дагы тогуз киши камакка алынды


Президент Ислам Каримов кызы Гүлнара менен
Президент Ислам Каримов кызы Гүлнара менен

Президент Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын мурдагы бизнесине байланыштуу дагы тогуз адам кармалды. Ташкенттеги расмий булактын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына айтышынча, алардын арасында Coca-Cola компаниясынын жергиликтүү филиалынын мурдагы менеджери жана Каримованын мурдагы финансылык кеңешчиси деп боолгонгон эки адам бар. Былтыр жыл башында Өзбекстандын башкы прокуратурасы арам акчаны адалдаштырган, жалган документтерди жасаган деген шек менен мурда Гүлнаранын жакын чөйрөсүнө кирген бир нече кишиге кылмыш иштери ачылганын маалымдаган.

2014-жылы июлда 13 адам, алардын ичинде Гүлнаранын көңүлдөшү эсептелген таанымал бизнесмен Рустам Мадумаров, жардамчысы Гаяне Авакян узак мөөнөткө кесилген. Гүлнара өзү 2013-жылдан бери үй камагында экени маалым.

XS
SM
MD
LG