Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Бишкекте мусулман аялдардын жыйыны өтөт


Борбор Азиядагы мусулман аялдардын эл аралык форуму 20-21-августта “Дамас” мейманканасында өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан чогулган лидер айымдар катышат. Алар чөлкөмдө экстремизм менен терроризмдин жайылышында аялдардын ролу жана көйгөйдү азайтуунун жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу жыйындын уюштуруучулары “Азаттыкка” кабарлашты.

Форумду “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for common ground) эл аралык уюму менен “Мутакаллим” коомдук бирикмеси бирге өткөрөт.

Соңку кездери Сирия жана Ирактагы террордук топтордун катарына Борбор Азиядан барган аялдар кошулуп жатканы тууралуу маалыматтар көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG