Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Боронов: Токтогулдагы өрттү эртең толук өчүрөбүз


Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

“Адам чыга албаган аска боорлорундагы өрт өчпөй калып, түнү башка аймактарга жайылууда. Ошон үчүн Алматыдан вертолет алдырдык. Ал бүгүн келип өрттү өчүрүүгө киришет”, - деди Боронов.

Маалыматка караганда, бир жумадан ашуун убакыттан бери 120 гектарга жакын аянт күйүп кетти. Анын 90 пайызы кургак чөп, калганы бадалдар жана дарактар.

Министр өрт калктуу пункттарга зыян келтирбегенин кошумчалады. (МТо)

XS
SM
MD
LG