Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Ош: эстакадалык көпүрөнү жандаган жаңы жолдор курулат

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөдөн чыгуучу жана ага кошулуучу жолдордун курулушуна тендер жарыяланганы турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов кабарлады.

“Мында көпүрөнүн оң-сол жагынан жандаган эки жол, андан сырткары Өзгөн жана Мажүрүм-Тал көчөлөрү кеңейтилип салынат”, - деди Ормонов.

Бул үчүн 66 млн. сом каралган. Жаңы жолдорду ачууга жолтоо болгон 29 жеке менчик курулуштардын 80% алынды. (YI)

XS
SM
MD
LG