Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Казак өкмөтү теңгенин курсун эркин коё берди

Мындан улам бүгүн эле казак теңгесинин америкалык долларга карата катнашы 26% арзандап, бир доллардын сатыктагы курсу 255 теңгеге чейин чыкты.

Мунун алдында валюта базарындагы бүгүнкү соода 188 теңге менен башталган эле. Кечээ болсо теңге наркын беш пайызга жакын жоготуп, бир доллардын сатыктагы курсу 198 теңге менен аяктаган.

Премьер-министр Карим Масимовдун бүгүнкү жарыясына караганда, өкмөт жана Улуттук банк эми жаңы монетардык саясат киргизет.

Казак теңгесинин азыркы нарксыздануусу өлкөнүн негизги экспорттук товары - мунайдын дүйнөлүк баасы 50 доллардан төмөндөп, рублдин куну кетиши уланып, ага катар Астананын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири Кытай да юанды девальвациялаган учурга туш келди.

Президент Нурсултан Назарбаев кечээ министрлер кабинети менен өткөргөн жыйында кризис казак экономикасынын бардык секторлорун каптаганын моюнга алып, өкмөттү ыкчам чараларды көрүүгө чакырган.

Ага катар Назарбаев казак экономикасы кара майдын бир баррелинин баасы 30-40 доллар болгон учурга ылайыкташуусу зарылдыгын да кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG