20-августка карата 9 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сомдук күрөө коюшту. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Батырова “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, калган партиялар 25-августка чейин шайлоо күрөөсүн коюшу керек.
Күрөө төлөгөндөр: КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Азаттык”, “Бир бол”, “Республика – Ата-Журт”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Улуу Кыргызстан” партиялары.
Ал эми “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен, күрөөнү толук кое элек. (UEz)