Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

АКШ менен 1993-жылы кол коюлган келишим күчүн жоготту


1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуу тууралуу келишимин денонсациялоо жөнүндөгү өкмөттүн токтому бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, ТИМ бул боюнча АКШ өкмөтүнө маалымат жөнөттү.

Аталган келишимге премьер-министр Темир Сариев ага 21-июлда кол койгон. Ал 17-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң эки тараптуу кызматташууну үзүү демилгесин көтөргөн болчу.

АКШ 1991-жылы 27-декабрда дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. Андан бери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID жыл сайын 40 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келген. 2001-жылдан тарта “Манас” аба майданындагы авиа базасынын ижара акысы үчүн төрт миллион доллардан, кийин макулдашуу өзгөрүп, 2009-жылдан баштап 60 миллиондон төлөп келген. 2014-жылы июнь айында авиабаза Кыргызстандан чыгарылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG