Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

“Ош тазалыктын” доосу тургундардын нааразылыгын жаратты


“Ош тазалык” муниципалдык ишканасынын шаардыктардан таштанды чыгарган акысы үчүн аласасы 53 млн. сомго жетти. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Талант Капаров айтты. Анын айтымында, береселердин иштери четинен сотко өтүп жатат.

Шаар тургундары “Ош тазалык” ташылбаган таштанды үчүн 8 миң сомго чейинки карыздарды жазып, доолап жатат деп нааразы. Бул боюнча Ош шаардык кеңеши депутаттык комиссия түзүп, айтылган карыздын негиздүүлүгүн аныктоого киришти.

“Ош тазалык” ишканасынын 202 миң абоненти бар. Мекеменин бир айлык бюджети 7.5 млн. сомду түзөт.(YI)

XS
SM
MD
LG