Египет борборунда бүгүн таңда бомба коюлган автоунаанын жарылуусунан коопсуздук кызматтарына караштуу имараттын бет маңдайындагы дубал кыйрап, имараттын өзүнө жана айланадагы имараттардын тулкусуна зыян тийген.
Кеминде алты полициячы жаракат алган жардыруу үчүн “ИМ” тобу жоопкер болуп чыкты.
Жардыруу Египет президенти Абдул Фаттах ал-Сиси “Ислам мамлекети” тобунун жергиликтүү бөлүмү баштаган согушкерлерге каршы күрөшүү максатында катаал антитеррордук мыйзамга кол койгондун эртеси жасалып олтурат.
Египет бийликтеринин айтымында, бомба салынган унаа коопсуздук кызматтарына караштуу имараттын бет маңдайына атайлап токтотулуп, дүрмөткө аралыктан башкаруу аркылуу келтирилген. (UE)