Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Азербайжан: журналист Исмаилованын жабык соту уланууда


Хадижа Исмаилова.
Хадижа Исмаилова.

Жабык соттун бейшемби күнкү олтурумунда прокурорлор журналистке каршы айыптоо кортундусун бүтүшүп, жаза мөөнөтү боюнча өтүнүчтү жарыялоо үчүн 21-августа дагы бир күн убакыт берүүнү суранышты.

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда.

Ал күнөлүү деп табылса,17 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Исмаилова ага коюлган айыптардын саясий жүйөсү бардыгын, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн өч алып жатканын айтып келет.

Журналисттин энеси Эльмира Исмаилова сот “баштан аяк калпка” негизделгенине көңүл бурууда.

Жараян башталган 24-июлдан бери журналисттер, көз карандысыз байкоочулар сот залына киргизилген жок. Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган.

Журналисттерди коргоо комитети да Исмаилова кесиптик ишмердигинен улам соттолуп жатканын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG