Бишкек шаар башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн калаадагы кышка даярдыкка байкоо салат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Кулматовдун жумушчу сапары медиа-тур форматында өтөт.
Бейшембиде өкмөт башчы Темир Сариев мэрияга жана калаа жетекчисине элдин ишеними солгундаганын айтып, коомчулукта нааразылык туудурган маселелерди тез арада чечүүнү тапшырган. Ошондой эле кышка карата даярдыкка да дыкат көңүл буруу жагын белгилеген. (SE)