Грек премьери Алексис Ципрас кызматтан чегинүү менен мөөнөтсүз шайлоону 20-сентябрга белгилөөнү сунуш кылды.
Бейшемби кечиндеги бул жарыясы алдында ашынган солчулдардын лидери президент Прокопис Павлопулоско өкмөт кызматтан чегингенин расмий билдирди.
Ципрас өз сөзүндө белгилегендей, быйыл январда эл ага берген мандат "түгөндү", эми кайра жаңы чечим зарыл. Грек премьеринин кызматтан чегинишине өлкөдөгү соңку окуялар түрткү бергендей.
Анткени, быйыл январда карызга баткан Грецияны донорлор ага дейре милдеттендирген үнөмдөө чараларына каршы ураандар менен бийликке келген Ципрастын “Сириза” партиясында Еврошаркеттин соңку жардамынын шарттарына байланыштуу ажырым чыкты.
Эл аралык кредиторлор өткөн аптада Грецияга 86 миллиард евро жардам берүүгө макул болушту, бирок бул үчүн грек өкмөтү салыктарды көтөрүп, чыгымдарын азайтышы керек.
20-августа Греция ошол жардамдын 23 миллиард евро өлчөмүндөгү алгачкы траншын алып, кайра Европанын борбордук банкына болгон 3,4 миллиард евро карызын төлөп берди. Бул күнү өлкөнүн баалуу кагаздары менен бонддору нарксызданды. (UE)