“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков 20-август күнү камакка алынганын оппозициядагы саясатчы Садыр Жапаров билдирди. Тактала элек маалыматка ылайык, милиция аны такси айдоочусунун арызынын негизинде камакка алган. Аспеков айдоочуга жол кире бербей, тапанча такаганы айтылып жатат. Бирок муну анын cанаалаштары куру доомат деп, саясий буйрук катары сыпатташууда.
Мелис Аспеков соңку күндөрү бийлик өкүлдөрүнө көп сын-пикирлерди айтып жүргөнүн, камалышына ушул негиз болушу мүмкүн экенин Садыр Жапаров “Фейсбукка” жазды.
Бирок бул маалыматты азырынча Аспековдун өзүнөн же расмий булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек. (SE)