Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Грекия премьери кызматтан чегинди


Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас кызматтан чегинип, мөөнөтсүз шайлоону 20-сентябрга белгилөөнү сунуштады. Бейшемби күнү кечинде ашынган солчулдардын лидери президент Прокопис Павлопулоско өкмөт кызматтан чегингенин расмий билдирди.

Грек премьеринин бул кадамына өлкөдөгү соңку окуялар түрткү берген.

Ципрас донорлордун мамлекетке койгон каржылык талаптарына каршы ураандар менен бийликке келген. Анын “Сириза” партиясында Еврошаркеттин соңку жардамынын шарттарына байланыштуу ажырым чыккан.

Эл аралык кредиторлор өткөн аптада Грекияга 86 миллиард евро жардам берүүгө макул болушту, бирок бул үчүн грек өкмөтү салыктарды көтөрүп, чыгымдарын азайтышы керек.

XS
SM
MD
LG