Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Молдова соту Валиевди камакта калтыруу мөөнөтүн узартты


Молдованын Апелляциялык соту тажикстандык оппозициячы Собир Валиевди камакта калтыруу мөөнөтүн дагы 11 күнгө узартты. Анын адвокаты Елена Мазур эми Страсбургда жайгашкан адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Ал Валиевди кармоону мыйзамсыз деп атоодо.

Мурдараак Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Молдова өкмөтүнө кайрылып, Собир Валиевди Дүйшөмбүгө өткөрүп бербөөгө чакырган жана аны өз мекенинде кыйноолор күтүп турганын эскерткен.

Тажик бийлиги эл аралык издөөгө алган 27 жаштагы Валиев Кишиневдогу аэропортто 11-августта кармалган. Тергөө учурунда маалым болгондой, ал бир жыл мурун кыргыз паспортун алган. (SE)

XS
SM
MD
LG