Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

БШК: Талапкерлер тизмесин жашыруу мыйзамга каршы келет


Айрым партиялардын талапкерлер тизмесин толук жарыялабай жатышы мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, шайлоого аттанган ар бир партия 120дан 200гө чейинки талапкердин тизмесин курултайда бекитүүгө тийиш.

- Курултайдан кийин тизмени өзгөртөбүз деген туура эмес. Чырдын баары ушундан чыгат. Айрым партиялар он чакты талапкерин жарыялап, калганын каалашынча алмаштырып жатат. Бул шайлоо мыйзамдарына караманча каршы, - деди Акматов.

Буга чейин айрым партиялар 30га чейинки гана талапкерлерди жарыялашкан. Маселен, “Кыргызстан” партиясы 13 талапкерден башкасын жашырып келет.

Акыркы маалыматтар боюнча 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Азаттык”, “Бир Бол”, “Республика – Ата-Журт”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Улуу Кыргызстан” партиялары төлөдү. Алардын ичинен болгону “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, "Бир Бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” талапкерлер тизмесин тапшырды.

Ал эми “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен, күрөөнү толук кое элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG