Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Сулайманов ырастады. Анын маалыматында быйыл кыйноо фактылары көп катталып жатат. Былтыр бир жыл ичинде 60 факты катталса, быйыл 7 айда эле 50 факты катталган.
Укук коргоочулар кыйноолор ИИМде, Жаза аткаруу мамлекетти кызматында, психикалык ооруканаларда көп катталарын айтып келишет. (UEz/KE)