Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Сариев: Бир кишинин шалаакылыгынан 800 адам өрт өчүрүүдө


Өкмөттүк жыйында Чычкан капчыгайындагы өрттүн кесепети талкууланып, премьер-министр Темир Сариев бир кишинин шалаакылыгынан 800 адам өрт өчүрүп жатканын билдирди.

Бирок өрттүн тутануусуна ким себепкер болгону, же кайсы кызматтагы адам жол бергени ачык айтылган жок. Сариев өкмөттүн аймактагы өкүлдөрүнө эс алуучу жерлерди тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Бир аптадан ашуун убакыттан бери Токтогулдун Чычкан капчыгайындагы өрт басылбай келет. Аны өчүрүү үчүн 200 токойчу, 383 ӨКМ кызматкери жана жоокерлер, жергиликтүү тургундар тартылган. Казакстандан бир тик учак алып келди.

Учурда өрттүн эки очогу өчүрүлүп, акыркысын өчүрүү аракеттери жүрүүдө. Өрттүн өлкө экономикасына келтирилген зыяны азырынча тактала элек. (SDz/MTo)

XS
SM
MD
LG