Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Баку: прокурор Исмаилованы тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады


Журналист Хадижа Исмаилова
Журналист Хадижа Исмаилова

Бакуда жабык өтүп жаткан сотто бүгүн прокурор журналист Хадижа Исмаилованы тогуз жылга эркинен ажыратууну талап кылды. “Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптар тагылууда. Журналист өзүнө тагылган бул айыптар саясий негизде экенин, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн кекенип калганын айтып келет.

Кийинки сот иши 26-августка белгиленди.

Хадижа Исмаилова былтыр декабрдан бери камакта. Ал президент Илхам Алиев менен анын үй-бүлөсү аралашкан коррупциялык схемаларды иликтеп жүргөн. Анын соту башталган 24-июлдан бери журналисттер, көз карандысыз байкоочулар киргизилген жок. Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган. Журналисттерди коргоо комитети да Исмаилова кесиптик ишмердигине байланыштуу соттолуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG