Узакка созулган саратан аптабынан кийин 22-23-августта аба ырайы кескин өзгөргөнү турат: маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерде жамгыр карга айланып, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет. 24-августта айрым жерлерде катуу жаан жаайт. 22-24-августта аба салкындап, күндүзү өрөөндөрдө 16…21 градуска чейин, тоо этектеринде 11…16 градус, тоолуу райондордо 3…8 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай жаан-чачын айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодогу малчылардын түйшүгүн оорлотот.
22-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүзү 22…27 градус ысык болот;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүзү 20…25 градус ысыйт;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүзү 25…30 градус ысыйт;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүзү 21…26 градус ысык болот;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүзү ысык 24…29 градуска жетет.
22-августта Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 19-24 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20° градус, күндүз 24…26 градус жылуу болушу мүмкүн.