Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ӨКМ башчысы Чычкандагы өрттү өчүрүүнү жеринде көзөмөлдөп жатат


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Токтогулга кайра барып, өрт өчүрүү ишин жеринде көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өрттүн эки очогу өчүрүлдү, учурда эң катаал шарттагы акыркы очогун өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Өрттүн калган бөлүгү киши жеткис бийик тоодо болгондуктан Казакстандан чакырылган МИ-26 тик учагынын жардамы менен өчүрүү аракети жүрүп жатат. Министр Боронов өрт кечке чейин толук өчүрүлөт деп сөз берген болчу.

Бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев өрт бир кишинин шалаакылыгынан чыкканын айтып, жергиликтүү жетекчилерди эс алуучу жерлерди көзөмөлдөөгө чакырган. Учурда өрт өчүрүүгө 844 киши тартылган. Алардын 230у жергиликтүү тургундар. Тилсиз жоо ушул жылдын 13-августунда башталган, андан бери 120 гектарга жакын кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. (UEz)

XS
SM
MD
LG