Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Сариев Каттоо кызматынын жетекчисин сынга алды


Өкмөттүн 21-августтагы отурумунда премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованы сынга алды.

Каттоо кызматынын жетекчиси биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча аймактарда көрсөткүчтөр кандай болуп жатканы тууралуу суроого жооп бере албай, колунда андай маалыматтар жок экенин билдирүү менен чектелди. Темир Сариев Каттоо кызматынын жетекчисинде ар дайым маалыматтар даяр болушу керектигин эскертип, 20 мүнөттүк отчетто негизги маалыматтар жок экенин айтты.

Премьер-министр Каттоо кызматы сандарды так айтуусу керектигин эскертип, жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча ишти активдештирүүнү талап кылды.

Отурумда маалым болгондой, биометрикалык маалымат чогултууда Бишкек шаары менен Чүй облусу көрсөткүчтөр боюнча башка облустардан артта калууда. Кыргызстан боюнча 2 миллион 651 миң 415 адам өздүк маалыматын тапшырышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG