Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:29

Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Достум өлкө түндүгүндө "Талибан" согушкерлеринин чабуулунан аман калды. Достумду алып жүргөн автокербенге чабуул бүгүн Фарьяб аймагындагы жолдо жасалган. Вице-президент жардамчысынын "Азаттыктын" ооган кызматына айтышынча, жансакчылар чабуул жасагандардын мизин майтаруу менен 8 согушкерди жок кылып, 13үн колго түшүргөн. Кагылыштан Достум өзү да, анын кишилери да жапа чеккен эмес. Окуя боюнча мындан ашык маалымат айтылган жок.

Абдул Рашид Достум бир күн мурда "Азаттыктагы" маегинде ооган өкмөттүк күчтөрү он күнгө созулган операция учурунда Фарьяб аймагынын көпчүлүк бөлүгүнөн "Талибан" согушкерлерин сүрүп чыкканын айткан эле.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG