Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

ИМ тобу Сирияда дагы бир тарыхый имаратты талкалады


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Сириянын ортолук бөлүгүндөгү дагы бир байыркы имараты кыйратты. Топтун согушкерлери 21-августта Фейсбукка Хомс провинциясындагы ал-Карьятин шаарына жакын жерде бешинчи кылымда салынган Мар Элиан монастры бульдозер менен талкаланып жатканы тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Бул маалыматты Сириядагы кырдаалга абай салып жүргөн, Лондондо жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights уюму да тастыктады.

ИМ тобу ал-Карьятин калаасын 5-августта басып алып, ал жерден арасында христиандар да бар 230 адамды кармап кеткен. Кийинчерээк алардын 50 чактысы бошотулуп, дагы жүздөйү согушкерлер турак алган Ракка провинциясына алыынп кеткен. Азыр алардын тагдыры кандай болгону боюнча маалымат жок.

Христиан дин кызматкеринин Дамаскиде Associated Press агенттигине кабарлашынча, согушкерлер монастыр ичинде жайгашкан, бир нече кылым кийин салынган чиркөөнү да жер менен жексен кылган.

2014-жылдын жазында Сирия менен Ирактын бир аз бөлүгүн басып алгандан бери "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери шиит мечиттерин, чиркөөлөрдү жана тарыхый эстеликтерди кыйраткан.

XS
SM
MD
LG