Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Билим берүү министрлиги мектепке акча чогултууну тыкыр көзөмөлдөйт

Министрликтин атайын буйругуна ылайык аймактарда жана өзгөчө Бишкек шаарында 1-класска окуучуларды кабыл алууда ата-энелерден мажбурлап акча талап кылуу көзөмөлгө алынат.

Мындай учурда ата-энелер арыз менен министрликке же укук коргоо органдарына кайрылуусу сунушталууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкөдөгү ички миграциянын күчөшүнөн Бишкек шаарындагы мектептердин көпчүлүгү толуп, ага кабыл алууда 5-10 миң сомдон жогору акча талап кылган учурлар бар экени коомчулукта айтылып келет. 

Бирок ошол эле учурда ата-энелер өз ыктыяры менен балдары билим алган мектептерге материалдык жардам көрсөтүүгө тыюу салынбайт. (TSh) 

XS
SM
MD
LG