Узакка созулган саратан аптабынан кийин 22-23-августта аба ырайы кескин өзгөргөнү турат: маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерде жамгыр карга айланып, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет.
24-августта айрым жерлерде катуу жаан жаайт. 22-24-августта аба салкындап, күндүзү өрөөндөрдө 16…21 градуска чейин, тоо этектеринде 11…16 градус, тоолуу райондордо 3…8 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай жаан-чачын айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодогу малчылардын түйшүгүн оорлотот.
23 августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүзү 16…21 градус ысык болот;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүзү 16…21 градус ысыйт;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүзү 20…25 градус ысыйт;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүзү 16…21 градус ысык болот;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүзү ысык 18…23 градуска жетет.
23-августта Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 19…21 градус жылуу болот..