Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Чычкандагы өрт өчтү


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык Чычкан капчыгайындагы өрт толугу менен өчтү. Учурда өрт болуп жаткан аймакта жамгыр жаай баштады. ӨКМдин аталган түзүмү абалга көз салууда.

Өрт киши жеткис бийик тоодо болгондуктан Казакстандан МИ-26 тик учагын жардамга чакырышкан. Аны менен жалпы жолунан өрткө жүз тонна суу чачылды. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 800гө жакын адам тартылган. Өрт министр Кубатбек Боронов "тилсиз жоону эртең биротоло токтотобуз" деп убада бергенден эки суткадан кийин өчтү.

Чычкан капчыгайындагы тилсиз жоо ушул жылдын 13-августунда башталган, андан бери 120 гектардан ашык кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG