Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Түштүк жана Түндүк Корея кризисти жайгаруу үчүн чукул жолугушуу өткөрөт


Жолугушуу чек арадагы Пханмундж айылында Бишкек убактысы боюнча саат экиге белгиленген.

Мурдараак Сеул Түндүк Кореяны эки өлкөнүн ортосунда артиллериялык оор техника орнотконун айыптап чыккан. Түштүк Корея бийлиги Пхеньян кол сала турган болсо, АКШ менен биргеликте жооп кайтарууга даярданып жатканын белгилешкен.

Чек арадагы абал өткөн жумада Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк Корея аймагындагы үн күчөткүчтөрдү жок кылуу аракетинен соң курчуган. Ал каражаттар аркылуу Пхеньян режимин сындаган сөздөр айтылып келген. Бул нерсени тыюу салуу талабына Түштүк Корея бийлиги макул болбой койгон.

Мындан соң Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын армияны толук аскерий даярдыкка камданууну буйрук кылган. Ага жооп катары АКШ менен Түштүк Корея эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Корей жарым аралында биргелешкен аскерий машыгууларды баштады.

XS
SM
MD
LG