Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Бишкектик кардарлардын жарымына “акылдуу эсептегичтер” орнотулду


“Түндүкэлектр” ишканасынын маалыматына караганда, башкалаада электр энергиясын эсептөөчү 82 миң “акылдуу эсептегичтер” орнотулду, анын ичинен 10 миңге чукулу ишканаларга коюлду. Буга чейин борбор калааны айланта курчаган бардык жаңы конуштар мындай эсептегичтер менен камсыз болгон, учурда шаардын ичиндеги элдүү пункттарды жабдуу иштери жүрүүдө.

Маалымдалгандай, “акылдуу эсептегичтер” орнотулган аймактарда электр энергиясына карыз азайды, жай мезгилиндеги жоготуулар 3-10% айланасында болууда. Электр энергиясынын сапаты да жакшырганын “Түндүкэлектр” ишканасы ырастоодо.

Мурунку жылдары электр энергиясын пайдалануудагы жоготуулар 26% чейин жетчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG