Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:48

Түркиядагы жарылуудан эки аскер өлдү


Алар түшкөн унаа өлкөнүн түштүк-чыгышында жол боюндагы минага кабылып, жарылганда каза табышты.

Негизинен күрттөр жашаган Хаккари провинциясындагы Семдинли шаарчасындагы бүгүнкү жарылуудан эки аскер өлгөндөн тышкары дагы үч жоокер жаракат алган.

Бул -күрт согушкерлери менен элдешүү келишими бузулгандан бери азырынча акыркы кол салуу.

Түркия өкмөтү июль айынын соңунан бери Күрт жумушчу партиясы – ПККнын турумдарына 400дөн ашуун жолу аба соккуларын жасады.

Өкмөт муну полиция менен жоокерлерге жасалган кол салууларга жооп чара катары сыпаттоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG