Улуттук банк 25-августтан тарта “Кыз куумай” жана “Тамга” деген аталыштагы коллекциялык монеталарды коомчулукка сунуштайт. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кыз куумай” - улуттук спорт жана элдик оюндарды даңазалоо максатында, ал эми “Тамга” - кыргыз кагандыгынын биримдигинин белгиси катары жасалган.
10 сомдук номиналдагы “Кыз куумай” 2000, 5 сомдугу 3000 нускада чыгарылды. “Тамга” монетасы 2000 даана. Алар Улуттук банктын башкы жана аймактык кеңселеринде сатылат.
1995-жылдан бери Улуттук банк 52 коллекциялык монета чыгарган. (SE)