Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Бажы кызматы: Эркеч-Тамда 63 унаа турат


Кыргызстандын Кытай менен чектеш Эркеч-Там жана Торугарт өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турат. Ош бажысынын жетекчиси Алтынбек Торутаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Эркеч-Там бажы өткөрмөсүндө Кытайдан келаткан 63 оор жүк ташуучу унаанын тийиштүү документтери жок болгонуна байланыштуу терминалда кармалып калган. Торутаевдин ырасташынча, ЕАЭБдин жаңы нормаларына ылайык, жүктөрдүн документтери толук болбой жатат.

"Ишкерлер документтерин толукташууда. Унаалары терминалда токтоп турат. Буга чейин документтерди текшерүү жөнөкөйлөштүрүлгөн негизде болсо, эми ЕАЭБдин нормаларына ылайык тыкыр көзөмөлгө алабыз. Товар кайдан алынганы, кимге баратканы тууралуу да документтери жок болуп жатат", - деди Торутаев.

Бажы кызматынан маалымдашкандай, Кытай менен чектеш Торугарт бажы өткөрмөсүндө дагы 32 оор унаа өткөрүлбөй турат.

Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу 166 товардын түрүнө эски бажы тарифи калып, калгандарына уюмдун талабына ылайык бажы төлөмү көтөрүлгөн. Анын ичинде Кытайдан ташылып келген товарларга бажы төлөм үч-төрт эсе жогорулаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG