Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Жалал-Абадда палоо жармаңкеси өттү


Жалал-Абад шаарындагы курортто 23-августта палоо жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" уюмунун кызматкери Адилет Муратов "Азаттыкка" билдирди.

-Диний экстремизмди алдын-алуу жана ар түрдүү катмардагы адамдар ортосундагы мамилени бекемдөө максатында уюштурулган иш-чарада алар тамак үстүндө бири-бири менен жалпы кызыкчылыктарды издөөгө аракет кылышат, - деди Муратов.

Жармаңкеге ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчилиги, облустук казыяттын өкүлдөрү, диний ишеними бекем жөнжай тургундар, жаштар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алар топ-топко бөлүнүп, палоо жасоо өнөрүн көрсөтүштү.

Мындай иш-чара быйыл июлда Ош шаарында уюштурулган, жакында Бишкек шаарында өтмөкчү.(RsK)

XS
SM
MD
LG