Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Франция поездде кол салууну токтотуп калгандарды сыйлады


Елисей сарайындагы сыйлоо жөрөлгөсү. 24-август, 2015-жыл.
Елисей сарайындагы сыйлоо жөрөлгөсү. 24-август, 2015-жыл.

Франциянын башкы сыйлыктарынын бирине жүргүнчү поездде куралчан адамды зыянсыздандырууга жетишкен үч америкалык жана бир британиялык жаран арзыды.

Президент Франсуа Олланд америкалык Спенсер Стоун, Энтони Сэдлер, Алек Скарлатос жана британиялык Крис Норманга Ардак Легион орденин бүгүн өзү тапшырды.

Француз өкмөтүнөн сыйлык алгандар Амстердамдан Парижге 500 жүргүнчүсү менен бараткан поездде ок аткан автоматчан адамды куралсыздандырууга жетишкен. Окуя 21-августта болгон. Президент Франсуа Олланд алардын аракетин террорчулукка каршы туруу жана каармандыктын көрүнүшү катары мүнөздөдү.

Поезддеги куралчан адам теги боюнча марокколук Аюб ал-Хаззани болуп чыкты. 26-жаштагы жигит учурда француз күч кызматтарына сурак берүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG