Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

БШК: Тизме тапшыруунун бүтүшүнө дагы бир күн бар


Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого талапкерлердин толук тизмесин тогуз партия тапшырып бүттү. Тизмелерди кабыл алуу мөөнөтү 25-август күнү кечки саат алтыда токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, учурда “Бир бол”, “Азаттык”, “Республика Ата-Журт, “Ата-Мекен”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” жана "Аалам" партиялары тизмелерин сунуштады.

Партиялар тизме менен кошо 5 миллион сомдук күрөөнү тапшыруусу шарт. Он күн аралыгында тизме текшерилип, 4-сентябрдан үгүт өнөктүгү башталат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага ондон ашык партия ат салышары күтүлүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG