Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Азербайжан жана Тоолуу-Карабах чек арадагы жоготуулар тууралуу билдирүүдө


Армян президенти Серж Саргсян Тоолуу-Карабахтагы байланыш тилкесинде турат. 14-ноябрь, 2014-жыл.
Армян президенти Серж Саргсян Тоолуу-Карабахтагы байланыш тилкесинде турат. 14-ноябрь, 2014-жыл.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бүгүн маалымдагандай, чек арада эки жакты бөлгөн байланыш тилкесиндеги атышуулардан беш армян аскери өлүп, сегизи жараат алды. Ал эми азери тараптан үч аскер жарадар болгон. Мындай жыйынтыкка алып келген окуянын себебин азери коргоо министрлиги “армян күчтөрүнүн саботажы” деп мүнөздөдү.

Ал эми Армения колдогон Тоолуу-Карабахтын Коргоо министрлиги билдиргендей, алардын турумдарын азери күчтөрү ушул дем алыш күндөрү аткылаган. Алардын ырастоосунда, атышуудан төрт азери аскери өлүп, 15и жаракат алган.

Бирок бул маалыматтар башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Азербайжан жана Армения ортосунда Тоолуу-Карабах жаңжалы тутанганына чейрек кылым болуп калды. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгөрүү боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG