Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

ЮНЕСКО Пальмирадагы храмдын талкаланышын согуш кылмышы деп атады


Баал-Шамин храмынын көрүнүшү. 14-март, 2014-жыл.
Баал-Шамин храмынын көрүнүшү. 14-март, 2014-жыл.

Бул тууралуу ЮНЕСКОнун башчысы Ирина Бобкова билдирди. Анын айтымында, Сириянын Пальмира шаарындагы Баал-Шамин храмынын талкаланышы “жаңы согуштук кылмыш жана Сирия эли, адамзат үчүн орду толгус жоготуу”.

Биздин доордун 1-кылымына таандык делген Баал-Шамин храмын “Ислам мамлекети” тобу жардырып жибергенин сириялык расмий өкүлдөр кечээ билдирген. Бул маалыматты Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм да ырастап, бирок тарыхый жай мындан бир айча мурда эле талкаланганын айткан.

Маалыматтарга караганда, жардыруу учурунда Пальмиранын храмга жакын турган байыркы колонналары да бузулган.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ЮНЕСКОнун мурастар тизмесиндеги Пальмира шаарын май айында басып алышкан.

Бир нече күн мурун алар шаардагы байыркы архитектуралык комплекске баш-көз болуп келаткан 81 жаштагы археолог Халед ал-Асадды өлтүрүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG