Улуттук банктын маалыматы боюнча 25-августка карата казак теңгесинин сомго карата катышы 29 тыйындан жогорулады. Ал эми акча алмаштыруучу жайлар казак валютасын 27 тыйындын тегерегинде сатып алып, 29дан сатышууда.
Өткөн жумада казак бийлиги улуттук валютасын эркин агымга койгондон кийин теңге бир суткада 35 пайызга кунун жоготкон.
Бир топ жылдан бери 1 теңге 30 тыйынга барабар болуп, бул көрсөткүч өзгөрүүсүз келген.