Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, күйдүргү оорусун жуктуруп алган эки адам Кадамжай райондук ооруканасында дарыланууда. Экөө тең Чекелек айылынын тургундары.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү 67 жаштагы Исмат Алибаев менен 23 жаштагы Наргиза Мойдунова талаада торпок союшкан. Илдет аларга ошол учурда жуккан болушу ыктымал.
Ош шаардык санэпидемкөзөмөл борбору оорулууларды текшерип күйдүргү деп корутунду берген. Ветеринардык кызматтын адистеринин жыйынтыгы бүгүн чыгарылат.
Адистер жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. (SE)