Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Жалал-Абадда быйыл 41 бала асыроого берилди


Облус аймагында жыл башынан бери кароосуз калган 179 бала каттоого алынса, алардын 41 асыроого берилген. Айрымдарын туугандары, кээ бирлерин бала багып алууну каалагандар алып кетишкен. Бул тууралуу облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Гулзат Аширова билдирди. Калган балдар социалдык мекемелерге жөнөтүлгөн. Былтыр 92 бала багууга берилген.

Учурда облус аймагында 9 миңден ашык бала оор шартта жашайт. Алардын 418 тоголок жетимдер. (RsK)

XS
SM
MD
LG