Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Доллардын кескин кымбаттоосу уланууда


Орус рублини долларга карата катышы. 24-август, 2015-жыл.
Орус рублини долларга карата катышы. 24-август, 2015-жыл.

Улуттук банктын расмий сайтында бир доллар наркы 65 сомго жакын көрсөткүчтө экени жазылып турганы менен акча алмаштыруучу жайларда доллар 67 сомдон сатылууда.

АКШ доллары өткөн бейшембиде кескин кымбаттаган. Ага чейин 62 сомдон сатылып жаткан.

Бул Казакстан улуттук валютасы –теңгенин курсун эркин кое бергенине байланыштырылган болчу. Бирок бүгүн теңгенин куну турукташа баштаганын адистер билдиришти.

Ал эми рублдин арзандашы уланып жатат. Учурда бир рубль - 90 тыйындын тегерегинде. Ал эми 1 доллар 70 рублден ашып кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG