Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Орусияда Википедияга тыюу салынбайт


Орусиянын маалымат каражаттарды көзөмөлдөгөн "Роскомнадзор" агенттиги маңзатынын бир түрү жөнүндө Википедиядагы макаланы тыюу салынган сайттардын тизмесинен чыгарды.

25-августта Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын экспертизасы “чарас” деген зат тууралуу макала Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузбайт деген бүтүмгө келди. Астрахан облусунун соту ал маңзат жөнүндөгү маалыматты тыюу салынгандардын катарына киргизгенден кийин 20-августта "Роскомнадзор" Википедиядан макаланы алып салууну талап кылган. Бирок энциклопедиянын жетекчилиги макаланын академиялык булактарга таянып, илимий тил менен жазылганын белгилеп, көрсөтмөнү аткаруудан баш тарткан. Дүйшөмбү күнү агенттик ал баракчаны “кара тизмеге" киргизерин эскерткен. Андай болсо, бүтүндөй Википедия Орусияда ачылмай калмак.

XS
SM
MD
LG