Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

"Роспотребсоюз" айрым импорттук кир жуучу заттарды сатыктан алууда

Орусияда токсикологиялык көрсөткүчтөрү стандарттарга дал келбейт деп, бир катар импорттук кир жуучу заттар сатыктан алынууда. "Роспотребсоюз"  мекемесинин адистери Henkel, Procter & Gamble, Colgate-Palmolive, Werner & Mertz GmbH, The Clorox Company, "Невская косметика" маркаларынын продукциясын изилдегенде санитардык-химиялык нормалар бузулганын аныкташкан. Мекеменин өкүлү текшерүү план боюнча жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Сатыктан алына турган товарларды Орусияга алып кирүүгө тыюу салынар- салынбасы кийинчерээк чечилмекчи. Апрелде "Роспотребсоюз" "СК Джонсон" компаниясынын продукциясы тазалык талаптарына жооп бербейт деп, Украинадан импорттоого тыюу салган. Эксперттердин баамында, Орусиянын кир жуучу жана тазалоочу заттар рыногунун 75 % чет өлкөлүк компаниялар ээлейт. 

XS
SM
MD
LG